icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуш министри Кочкордогу жаңы бала бакчанын курулушу менен таанышты

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы 120 орундуу жаңы бала бакчанын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Министр курулуш иштерин мөөнөтүнөн кечиктирбей, сапаттуу жүргүзүү керектигин белгиледи. Долбоорго ылайык, бала бакчанын имараты эки кабаттуу курулуп, уктоочу бөлмөлөр, кенен оюн аянтчалары, заманбап жабдылган ашкана, медициналык пункт, музыкалык жана спорт залы, методикалык бөлмөлөр, керектүү санузел, жылытуу жана желдетүү системалары жана коопсуздук талаптарына жооп берген короо жайы болот. Жалпы аянты 1860 чарчы метр. 

Курулуш иштери Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө пайдубалы толук аяктап, кыш коюу иштери аткарылууда.

Белгилей кетсек, объект Президенттик фонддон каржыланып, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын октябрь айында башталган.