Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ширин айылында №106 мектепке 150 орундуу кошумча окуу корпусу курулду. Долбоордун жалпы наркы 77 миллион сомду түзүп, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Башкы планга ылайык, жаңы корпус эки кабаттуу болуп, окуу бөлмөлөрү жана спорт залы менен салынды. Имараттын жапы аянты 1480 чарчы метрди түзөт. Курулуш-монтаждоо иштери заманбап талаптарга ылайык аткарылып, окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Учурда курулуштун 75 пайызы бүткөрүлүп, Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө иштер графикке ылайык уланууда.


