icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нурдан Орунтаев Кочкордогу стадиондун реконструкциясы боюнча эскертүү берди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы бир катар курулуш объектилериндеги иштердин жүрүшү менен таанышты. Алардын бири Кочкор айылынын Жеңишке 40 жыл көчөсү ½ дарегинде ири реконструкциядан өтүп жаткан борбордук стадион.

Министр курулуш объектисинде куруучулардын саны аз экенин жана иштердин белгиленген мөөнөттөн артта калып жатканын көрүп, подрядчы уюмга эскертүү берди. Ошондой эле бир жуманын ичинде жумушчу күчүн көбөйтүп, курулуш иштерин жандандыруу талабын койду.

Долбоорго ылайык, стадион 4000ден ашык көрүүчүгө ылайыкталат. Ал чуркоо жолдору бар футбол талаасынан, трибуналардан, VIP зонадан жана машыктыруучулар менен оюнчулар үчүн зарыл болгон спорттук бөлмөлөрдөн турат. Ошондой эле көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, автоунаа токтотуучу жай курулат. Жалпы аянты-2456,93 чарчы метр. 

Белгилей кетсек, стадион 1980-жылы курулуп, ошондон бери реконструкциядан өткөн эмес. Азыр жүргүзүлүп жаткан иштердин максаты улуттук стандарттарга жооп берген заманбап спорттук инфратүзүмдү түзүү. Бул стадион райондук жана республикалык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталган маанилүү спорттук борбор болот.