icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Көңүл буруңуз! Курулуш объектилериндеги санитардык абал боюнча рейд жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек жана Ош шаарларындагы башкармалыктары тарабынан курулуш объектилериндеги атайын техникалардын дөңгөлөктөрүн жуучу жайлардын иштөөсүн текшерүү боюнча атайын рейд жүргүзүлүүдө.

Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, инспекторлор тарабынан курулуш объектилерине төмөнкү пункттар боюнча текшерүү жатат: 

-атайын техникалар үчүн дөңгөлөк жуу пункттарынын болушу жана иштөө абалы;

-демонтаж жана жер казуу иштеринде чаңдын пайда болушун алдын алуу боюнча нымдоо чараларынын көрүлүшү;

-СН КР 12-02:2018 “Курулуш өндүрүшүн уюштуруу” ченемдеринин сакталышы. 

Урматтуу Бишкек жана Ош шаарларында курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүп жаткан бардык курулуш уюмдарын жогорудагы талаптарды так аткарууга жана экологиялык, санитардык коопсуздукту камсыздоого чакырабыз. 

Текшерүүлөрдүн негизги максаты-шаардагы экологиялык абалды жакшыртуу, жолдордун булгануусун алдын алуу жана курулуш иштери учурунда санитардык талаптардын сакталышын камсыз кылуу.