icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Токтогулда 140 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу башталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул шаарында курулуп жаткан 140 орундуу жаңы бала бакчадагы курулуш иштери менен таанышты.

Жаңы бала бакча Токтогул шаарынын Абышов көчөсү 52 дарегинде курулууда. Бүгүнкү күндө жер казуу иштери 90 пайызга аяктап калды. 

Долбоорго ылайык, 140 орундуу бала бакчанын имараты эки кабаттан турат. Имаратта балдар жана тарбиячылар үчүн бардык керектүү шарттар түзүлөт. Ал эми короодо балдар үчүн оюн аянтчалары жана жашыл аймак каралган. Имараттын жалпы аянты 1268, 6 чарчы метр.