icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абад: Атана айылындагы 66 жыл мурун курулган маданият үйү жаңыланды

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Атана айылындагы маданият үйү толук жаңыланды. Капиталдык оңдоо иштери республикалык бюджеттен каржыланып, 10 миллион сом бөлүнгөн.

Маданият үйү 1959-жылы курулуп, андан бери толук капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Курулуш министрлиги тарабынан быйылкы жылдын январь айында жаңылоо иштери башталып, бүгүнкү күндө толук аяктады. 

Оңдоо учурунда имараттын ички бөлүктөрү толугу менен жаңыланып, жарыктандыруу системасы алмаштырылды, ал эми сырткы фасады заманбап талаптарга ылайык жасалды. Жакынкы күндөрү маданият үйү пайдаланууга берилет.