Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору тарабынан Ысык-Көл облусунун Жыргалаң айылында курулуп жаткан асма жолдун пайдубалындагы бетондун сапатына текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүү учурунда адистер курулуш объектисиндеги бетонго керектүү бардык сыноолорду өткөрдү. Текшерүүнүн максаты-аткарылган иштердин сапат талаптарына жана курулуш ченемдерине шайкештигин аныктоо
Алынган
маалыматтар жыйынтыктоочу корутунду даярдоо үчүн колдонулат. Натыйжалар
пайдубалдын сапатын объективдүү баалоого жана асма жолунун андан аркы
курулушунун коопсуздугун тастыктоого мүмкүндүк берет.


