icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бакай-Ата районунда заманбап шартта спорт комплекс курулду

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында К.Байтереков атындагы спорт комплексинин курулушу бүткөрүлдү. Спорт комплекстин курулушу 2021-жылы башталып, тендердик баасы 53,6 млн сомду түзөт. 

Жаңы салынган спорт комплекс эки кабаттуу, заманбап шарттары менен курулуп, жалпы аянты 993 чарчы метрди түзөт. Мындан сырткары жыйын залы, спорт зал, кийим алмаштыруу бөлмөсү, машыктыруучунун бөлмөсү каралган.