Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Калматай айылында К. Калматов атындагы мектепке спорттук залдын курулушу бүткөрүлдү. Спорт залдын курулушу 2020-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, наркы 19 млн сомду түзөт.
Жаңы спорт зал эки блоктон турат. Заманбап үлгүдө салынып, машыктыруучунун кабинети, кийим алмаштыруу бөлмө жана инвентария каралган. Объекттин жалпы аянты 367 чарчы метр.