icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нариман айылында 70 млн сомго бала бакча курулду

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылында жаңы бала бакча курулду. Бала бакчанын курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Объектин наркы 70,7 млн сомду түзөт. 

Долбоор боюнча 120 орунга ылайыкталган эки кабаттан турат. Заманбап шартта салынган группалык таалим алуу, ойноо жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинети, кабыл алуу кабинети жана сырткы ойноо аянтчасы каралган. Объекттин жалпы аянты 619 чарчы метр.