icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы мыйзамсыз салынган көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары менен жолукту

2025-жыдын 21-январында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында, Ош шаарында мыйзамсыз салынган көп кабаттуу турак-үйлөрдүн жашоочулары менен жолукту.

Жарандар менен жолугушуу көчмө жыйынына Ош шаарынын вице мэри, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, Мамкурулуштун алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин түштүк бөлүмү, Мамлекеттик долбоорлоо институту жана Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун кызматкерлери катышты.

Тактап айтканда,“Эмаком” ЖЧКсынын Ош шаарындагы А.Шакиров №22, Ленин № 351, Матисаков №226;  “Пик Стиль Строй Холдинг” ЖЧКсынын Ош шаарындагы Ленин № 349;  “Дастан Курулуш” ЖЧКсынын “А” блогу Ашимахунова №26;  “Астра Плюс” ЖЧКсынын А.Навои №10 дарагиндеги көп кабаттуу турак-үйлөрдүн  жашоочулары менен жолугушту.

КР Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан аталган көп кабаттуу турак-үйлөрдүн маселелери мыйзам чегинде документтештирилип, мыйзамдаштыруу иштери жүргүзүлөт.