Мамкурулуш агенттиги тарабынан Нарын шаарындагы ден соолукту чыңдоо спорткомплексте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул объект жылдар боюн капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж эле.
Алсак, спорткомплекс союз учурунан бери каралбай келген. Былтыр 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоо иштери башталган. Объекттин тендердик наркы 33,5 млн сомдү түзөт. Бүгүнкү күндө демонтаж иштери бүткөрүлүп, имаратты калыбына келтирүү жумуштары уланууда.