icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жаны-Арык айылында жаңы мектептин ачылышы болуп өттү

Бүгүн, 24-январда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Жаны-Арык айылында 275 орунга ылайыкталган Ш. Сүйөркулов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылышы аземге Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө Талант Иманакун уулу аймактарда билим берүү мекемелерин куруу мамлекеттин саясатынын башкы багыттарынын бири экенин белдирди:

«Балдарыбыздын билим алуусу үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүү, ийгиликтүү жана билимдүү муунду калыптандыруунун негизи болуп саналат. Республикабыздын айыл аймактарындагы инфраструктураны өнүктүрүү багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу уланууда», – деп белгиледи.

Мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоор боюнча мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан турат. Негизги класстардан тышкары, биология, химия, физика, компьютердик класстар, ошондой эле кыздар жана балдар үчүн эмгек кабинеттери каралган. Обьекттин жалпы аянты 1605 чарчы метрди түзөт.

Айыл тургундары алардын муктаждыктарына көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдирип, жаңы окуу мекемеси балдарга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, аларды жогорку жетишкендиктерге жетүүгө шыктандырарын белгилешти.