icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кыргызстан айылында 46 жылдан кийин жаңы мектеп курулууда

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кыргызстан айылында 275 орундуу О.Курбанбаев атындагы №31 мектеп курулууда. Мектептин курулуштун долбоору 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып башталган.

Долбоор боюнча мектеп заманбап эки кабаттуу окуу корпусунан жана спорт залынан турат. Негизги окуу класстарынан тышкары, биология, химия, физика сабактарынан кабинеттер жана компьютердик класс каралган. Ошондой эле, конференц-зал жана кыздар менен балдар үчүн эмгек сабагы үчүн кабинеттери бар.

Объекттин жалпы аянты 2478 чарчы метрди түзөт. Учурда мектептин курулушу 70%га бүттү.Эске салсак, эски мектептин биринчи имараты 1979-жылы малчылар үчүн турак жай катары курулган.

Кийин 1985-жылы бала бакча багытында кошумча корпусу салынып, мектеп катары колдонулган.