Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында 100 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу уланууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда, тендердик баасы 74 млн сомду түзөт.
Жаңы бала бакча эки кабаттан туруп, жалпы аянты 873 чарчы метрди түзөт. Долбоордо тайпалык окуу класстары, оюн жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинети, кабылдама, ошондой эле көрктөндүрүлгөн оюн аянтчасы каралган.
Учурда объекттин курулуш иштери 60 пайызга бүткөрүлдү.