Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында 2025-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Н.Орунтаев Кытай Эл Республикасынын Турак жай, шаардык жана айыл чарба курулуш министри Ни Хун менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2025-жылдын 5-февралында курулуш тармагындагы кызматташтык боюнча кол коюлган Меморандумдун алкагында ар тараптуу кызматташтыкты улантуу маселелерин талкуулашты.