Санариптештирүү алкагында жана 2025-жылдын 15-январындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин №10 буйругуна ылайык, Мамлекеттик экспертиза департаменти толук кандуу санариптештирүүгө өттү.
Мамкурулушка караштуу Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору Маратбек Акназаровтун Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, борбордук аппараттын кызматкерлери менен Мамэкспертиза департаментинин Түштүк филиалынын кызматкерлерине жана портал менен иштеген колдонуучуларды колдоо максатында окутуулар өткөрүлүп, ага Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун филиалдарынын кызматкерлери, кардарлар (заказчиктер) жана долбоорлоо ишканалары катышты. Жеринен окутууларды өткөрүүнүн максаты – портал менен иштөө процессин жеңилдетип, жарандарга жана уюмдарга ыңгайлуу болушун камсыздоо.
Окутуу учурунда төмөнкү темалар каралды:
1. Порталга катталуу.
2. Жеке кабинетин пайдалануу.
3. Арыз берүү, келишим түзүү жана уруксат берүүчү документтерди электрондук форматта алуу.
Цифралык платформага өтүү бардык процесстерди ылдамдатууга жана жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет. Эми долбоордук-сметалык документтерди тапшыруу АИС “ГЭПСД” порталы аркылуу гана мүмкүн болот.
Мамлекеттик экспертиза департаменти бардык катышуучуларга активдүү катышкандары жана жаңы технологияларды үйрөнүүгө болгон каалоолору үчүн ыраазычылыгын билдирет. Ар бир колдонуучу портал менен ыңгайлуу иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн, окутуулар улантылат.
💡 Портал боюнча суроолор үчүн төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:
📞 +996 706 226 337
📞 +996 706 260 399
📞 +312 312650
📞 +312 312676