2025-жылдын 7-февралында Чолпон-Ата шаарында Азия Өнүктүрүү Банкынын каржылоосу менен жалпы суммасы 56 млн АКШ долларын түзгөн “Туризмди туруктуу өнүктүрүү үчүн Ысык-Көлдүн экологиясын башкаруу” долбоорунун алкагында көчмө жыйын өттү. Жыйындын негизги максаты – Чолпон-Ата шаарында саркынды сууларды тазалоочу станциянын курулуш ишине байланыштуу маселелерди талкуулоо болду.
Иш-чарага Мамкурулуш агенттигинин директорунун биринчи орун басары Самат Джантелиев, Чолпон-Ата шаарынын мэри Данияр Сатаров, Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн өлкөлүк директору Чжэн Ву жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты. Алар аталган инфраструктуралык долбоор 2025-жылдын март айында башталарын белгилешти.
Бул долбоордун алкагында саркынды сууларды тазалоочу станциянын жана Бостериден Кара-Ойго чейин созулган канализациялык коллектордун курулушу каралган. Ошондой эле, Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында Саймалуу-Таш петроглифтик музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы башка музейлерди реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт. Мындан тышкары, көл жээги боюнча 19 км узундуктагы веложол жана эс алуучу жайлар курулат.
Аталган инфраструктуралык өзгөрүүлөр аймактын туристтик потенциалын жогорулатууга жана экологиялык туруктуулукту камсыздоого өбөлгө түзөт.