2025-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакай Турдугулов Вьетнам Республикасынын «SFC айлана-чөйрөнү өнүктүрүүгө инвестициялар» акционердик коомунун башкы директору Нгуен Фуонг Куи мырза менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун максаты – Бишкек шаарындагы тазалоо курулмаларын реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашырууда жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүү жана колдоо көрсөтүү.
Долбоордун алкагында «Бишкекводоканал» муниципалдык ишканасынын тазалоо курулмаларын реконструкциялоо жана модернизациялоо, эски хлор менен дезинфекциялоонун ордуна ультрафиолеттик дезинфекциялоону киргизүү каралган.
Долбоордун жалпы наркы 16 жылга эсептелип, анын ичинде 2 жыл курулуш жана 14 жыл эксплуатациялоо мезгилин камтып, 50 миллион АКШ долларынан ашуун сумманы түзөт.
Бакай Турдугулов Мамкурулуш тарабынан аталган долбоорду ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн белгилеп, бул долбоор Кыргызстандын борбору үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.