icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Балыкчы шаарынын жана Түп районунун архитектура башкармалыктарынын имараттары жаңыланат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакай Турдугулов Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана Архитектура департаментинин регионалдык башкармалыктарынын ишмердүүлүгүн текшерди. 

Б. Турдугулов Мамкурулуштун директору Н.К. Орунтаевдин тапшырмасына ылайык Агенттикке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын жана Түп районундагы Архитектура башкармалыктарынын кызматкерлерине жеткиликтүү кызмат орундарын түзүү максатында, эскилиги жеткен  имараттарын жаңыртуу демилгесин баса белгиледи. Курулуш иштери жакынкы күндөрү башталат.