icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

‘’МАМЛЕКЕТТИК АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ КОНТРОЛДОО ДЕПАРТАМЕНТИ’’ КУРУЛУШ ТАРМАГЫНДА МЫЙЗАМ БУЗУУЛАРДЫ БОЛТУРБОО ЖАНА АЛДЫН АЛУУ МАКСАТЫНДА КУРУЛУШ КОМПАНИЯЛАРДЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

2025-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу, архитектуралык-курулуштук контролдоо департаментинин жетекчиси кызматкерлери менен биргеликте, курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен мыйзам бузууларды болтурбоо жана алдын алуу, курулуш аянттарында техникалык коопсуздукту, өрт коопсуздукту жана эмгек мамилелерин коргоо жаатында жыйын өткөрдү. 

Жыйынга архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Э.К Суеркулов, орун басары А.Ш Саяков, эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын башкы инспектору К. И Маатказиев, өзгөчө кырдаалдар министирлигине караштуу өрт көзөмөлү кызматынын бөлүм башчысы Турдумамбетов Р.М жана Бишкек шаарынын аймагында эмгектенип жаткан 80 ден ашуун I - категориядагы  курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Аталган жыйында мыйзам бузууларды болтурбоо жана алдын алуу, курулуш аянттарында техникалык коопсуздукту, эмгек мамилелерин коргоо жана өрт коопсуздукту сактоо боюнча маалыматтар берилип, аны алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кенен маалымат берилди. Ошондой эле курулушчулардын жумушундагы тоскоолдуктарды жоюууга болгон сунуштары кабыл алынды.