icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бостери айылында бала бакча курулушу уланууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылында «Келечек Башаты» аттуу жаңы бала бакчанын курулушун улантууда. Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоордун тендердик баасы 62 миллион сомду түзөт.

Жаңы бала бакча 60 орунга ылайыкталган. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 720 чарчы метр болгон эки кабаттуу имарат курулууда. Анда тайпалык окуу бөлмөлөрү, оюн жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинети, кабылдама жана көрктөндүрүлгөн оюн аянтчасы каралган.

Бала бакчанын эски имараты 1953-жылы курулган, кийин 2008-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.