Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жамаатына жаңы дайындалган министр Нурдан Орунтаевди тааныштырды.
Анда МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жаңы дайындалган министр Нурдан Орунтаевге жана анын командасына курулуш тармагын өнүктүрүү, турак жай курулушунун сапатын жогорулатуу жана өлкөдөгү коммуналдык инфраструктураны жакшыртуу боюнча стратегиялык милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигин түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон.