Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылында жайгашкан Ч. Айтматов атындагы лицейге кошумча корпустун курулушу аяктаганын маалымдайт.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 63 млн сомду түзгөн.
Долбоорго ылайык, жаңы имарат 500 окуучу орунга ылайыкталган. Мектепте заманбап окуу жана атайын лабораториялар, компьютердик класс, балдар жана кыздар үчүн эмгек класстары, китепкана жана дарыгердин кабинети каралган.
Бул объекттин курулушунун аякташы окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.