Курулуш министрлиги тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун Манас айылындагы мектеп-лицейге кошумча корпус курулду. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылды, тендердик баасы 123 млн сомду түзөт.
Долбоорго ылайык, жаңы мектеп 500 окуучуга ылайыкталган, заманбап окуу жана адистештирилген лабораториялар, компьютердик класс, балдар жана кыздар үчүн кол эмгек класстары, китепкана жана дарыгердин кабинети бар.
Эске салсак, мектептин эски имараты 1986-жылы курулган.
Жаңы мектеп окуучулардын билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүп берет.