icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуш министрлигинде Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу болду

2025-жылдын 24-февралында Курулуш министрлигинде Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Жолугушууга курулуш министри Нурдан Орунтаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Чүй облусунун губернатору Канат Жумагазиев катышты.

Жолугушууда мамлекеттик мектептерди куруу долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууну баштоо маселелери талкууланды. Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү даярдык иштеринин жүрүшүнө канаттандыраарлык баа берип, долбоорду мындан ары да колдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Фаза-2 алкагында, Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен, Бишкек шаарында беш жаңы мектеп жана жети мектепке кошумча корпус, ал эми Чүй облусунда эки жаңы мектеп куруу пландалууда.

Бул долбоор билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү жана окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүү боюнча маанилүү кадам болуп саналат.

Эскерте кетсек, Фаза-1дин алкагында республика боюнча 28 мектеп жана 2 бала бакча курулган.