Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Калдаров атындагы Чыгармачылык жана жаштар борборунун капиталдык оңдоп-түзөө иштери толугу менен аяктады. Долбоор 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып ишке ашырылып, оңдоп-түзөө иштерине жалпы 9 млн сом сарпталды.
Капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин алкагында имараттын фасады, терезелери, чатыры жана полу жаңыланып, ички жасалгоо иштери жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн модернизациянын натыйжасында Чыгармачылык жана жаштар борбору заманбап жана ыңгайлуу шартка ээ болуп, аймактагы жаштардын чыгармачылык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү.