Курулуш министрлиги Бишкек шаарындагы №54 мектептин кошумча окуу имаратынын курулушу бүткөндүгүн маалымдайт. Долбоор 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, тендердик наркы 68 млн сомду түзгөн.
Жаңы эки кабаттуу окуу корпуста заманбап окуу жана лабораториялык класстар, мугалимдер бөлмөсү, ашкана, дарыгердин кабинети, ошондой эле кыздар жана балдар үчүн эмгек кабинеттери каралган. Жаңы корпустун жалпы аянты 1610 чарчы метрди түзөт.
Бул долбоор окуучулар үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүү менен билим берүү сапатын жакшыртууга өбөлгө болот. Бишкек шаарындагы билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп эсептелет.