icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

2025-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн форматта Чүй облусунда жаңы социалдык объектилерди ачуу аземи өткөрүлдү.

2025-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн форматта Чүй облусунда жаңы социалдык объектилерди ачуу аземи өткөрүлдү.                                                                Чүй облусу боюнча эки мектепке жаңы кошумча корпус, бала бакча жана спорт зал ишке берилди. 


 • Манас айылында 500 орундуу кошумча окуу корпусу ачылды, мектеп окуучулары үчүн ыңгайлуу шарттары түзүлгөн. 

 • Новопавловка айылындагы Ч. Айтматов атындагы лицейдин 500 орундуу жаңы кошумча корпусу ишке киргизилди.

 • Москва районунун Александровка айылындагы жаңы 100 орундуу бала бакча жана Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында Жакишов атындагы мектептин заманбап спорт залы пайдаланууга берилди. 


Бул объектилерди ачуу социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, билим берүү шарттарын жакшыртууга багытталган.