Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылында А.Сыранов атындагы 275 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда. Курулуш долбоору 2022-жылы башталып, республикалык бюджетинин эсебинен каржыланып келет.
Долбоого ылайык, мектеп эки кабаттуу окуу корпус жана спорт залы менен курулууда. Билим берүү мекемеси заманбап жабдуулар менен толук камсыздалып, окуучулар үчүн ыңгайлуу жана сапаттуу билим алууга шарт түзөт.
Курулуш-монтаждоо иштерине көзөмөл Курулуш министрлигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлүп, бардык курулуш нормалар жана талаптар сакталууда.