icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында 60 орундуу заманбап оорукана курулду.

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында 60 орундуу заманбап оорукана курулду. Курулуш долбоор 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Жалпы тендердик баасы 133 миллион сомду түздү.


Үч кабаттуу жаңы имарат бардык курулуш нормаларына жана стандарттарына жооп берет. Оорукана  атайын медициналык жабдуулар менен толук жабдылып, келечекте жергиликтүү тургундарга жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт.