Нарын облусунун Кочкор айылында заманбап автовокзалдын курулушу улантылууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 394 млн сомду түзөт.
Жаңы автовокзал эки кабаттуу болуп, жалпы аянты 14 469 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери заманбап стандарттарга жана талаптарга ылайык жарандардын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлөт.
Долбоордун ишке ашырылышы аймактардагы инфраструктураны жакшыртууга багытталган.
Курулушка көзөмөл жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылууда.