Алай районунун Гүлчө айылында №2 О. Отунчиев атындагы орто мектепке 275 окуучуга ылайыкталган кошумча окуу корпустун курулушу башталды. Бул долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда.
Долбоорго ылайык, эки кабаттуу окуу корпус, заманбап спорт залы менен курулууда. Мектеп толук жаңы жабдуулар менен камсыздалып, билим алуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Курулуш-монтаждоо иштерине Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөл жүргүзүүдө. Бардык курулуш нормалар жана техникалык талаптар так сакталууда.