Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Суу айылында Ш. Рысмендеев атындагы 375 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда. Тендердик баасы 119 млн сомдон ашат.
Долбоорго ылайык, мектепте эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал, ашкана, өтмөк галерея жана тышкы спорт аянтчасы каралган. Окуу жай заманбап жабдуулар менен камсыздалат.
Курулуш иштери бардык курулуш нормаларына жана стандарттарына ылайык жүргүзүлүүдө.