icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Лейлек районуна караштуу Мурас айылындагы спорткомплекстин курулушу аяктап калды

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Мурас айылында жаңы спорткомплекстин курулушу аяктап калды. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда, курулуш иштери 2024-жылы башталган. Объекттин тендердик баасы 17 млн сомду түзөт.

Долбоорго ылайык, спорт комплекс эки блоктон турат жана заманбап спорттук жабдуулар менен камсыздалат. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 80 пайызга аткарылды.

Курулуш процессине көзөмөлдү КРнын Курулуш министрлигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти жүргүзүүдө.