icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Өзгүр айылында 225 орундуу жаңы заманбап мектеп курулууда

Ош шаарынын Өзгүр айылында 225 орундуу жаңы заманбап мектеп курулууда. Курулуш иштери 2024-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө турат.

Мектептин жалпы аянты — 2099 чарчы метр. Эки кабаттуу имаратта ашкана, актовый зал жана спорт залы каралган. Мындан тышкары, заманбап жабдылган окуу класстар, компьютердик класс, лаборатория, китепкана, медкабинет жана балдар менен кыздар үчүн эмгек кабинеттери болот.

Бул долбоор окуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүп, ар тараптуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.