КР курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан курулуш уюмдарынын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеге министрдин орун басары Бакай Турдугулов төрагалык кылды.
Иш-чарада курулуш тармагын жөнгө салууну өркүндөтүүгө багытталган Министрлер Кабинетинин эки токтом долбоору сунушталды:
1. «Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору – Министрликке айрым нормативдик укуктук актыларды, анын ичинде объектилерди долбоорлоого, курууга, өзгөртүүгө жана пайдаланууга кабыл алууга уруксат берүү тартиби боюнча жобону бекитүү ыйгарым укуктарын берүү каралган. Бул чечим шаардын курулуш чөйрөсүндө ыкчам жана системалуу иш алып барууга өбөлгө түзөт.
2. «КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин айрым маселелери жөнүндө» токтом долбоору – Капиталдык курулуш объектилерин Реестрге акы төлөп каттоо механизмин киргизүүнү сунуштайт (бюджеттик каражаттардан каржыланган объектилерден тышкары). Түшкөн каражаттар мамлекеттик курулуш көзөмөл органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга жана материалдык-техникалык базасын жакшыртууга багытталат. Бул көзөмөлдүн сапатын жогорулатып, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга шарт түзөт.
Курулуш тармагынын өкүлдөрү аталган демилгелерди толук колдоп, Министрлер Кабинети тарабынан аларды тез арада кабыл алууга чакырышты.