icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Токтогул шаарында Э. Осмонов атындагы стадиондо реконструкция иштери уланууда

Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында Э. Осмонов атындагы стадионду капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо иштери активдүү уланууда. Проект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Тендердик баасы 172,7 млн сомду түзөт.

Реконструкция иштери өткөн жылы башталган. Долбоор боюнча, жатакана, ашкана, батыш жана чыгыш трибуналары, коомдук дааратканалар, автобус жана коноктор үчүн унаа токтотуучу жайлар, ошондой эле заманбап футбол талаасы курулат.

Белгилей кетсек стадион 1980-жылы курулган, ошол убактан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес.