20-майда Кыргыз Республикасынын Курулуш министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан бир катар курулуш объектилерине күтүүсүз текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүнө Курулуш министрлигине караштуу тийиштүү кызматтардын жетекчилери жана техникалык адистерден түзүлгөн комиссия тартылды. Максат – курулуш ишмердүүлүгүндө коопсуздук эрежелеринин сакталышын, уруксат берүүчү документтердин бар-жогун жана нормалык стандарттардын аткарылышын текшерүү болду.
Текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар курулуш компанияларынын курулуш объектилеринде коопсуздук талаптары одоно түрдө бузулганы аныкталды. Бул үчүн тиешелүү компанияларга айып пул салынып, курулуш иштери токтотулду. Мындан тышкары, уруксат кагаздарында мыйзам бузууларга жол берген айрым компаниялардын документтери комиссиялык кароого жөнөтүлдү.
Министр Нурдан Орунтаев белгилегендей, мындай текшерүүлөр туруктуу негизде жүргүзүлүп, курулуш тармагында мыйзамдуулуктун жана коопсуздуктун сакталышы мамлекеттик негизги артыкчылыктардын бири бойдон калат.