icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ак-Ордо конушундагы мектеп, бала бакча жана оорукананын курулушу текшерилди

Бүгүн, 27-майда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талант Иманакун уулу Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунда жүрүп жаткан социалдык объекттердин курулуш иштери менен жеринде таанышты.

Учурда республикалык бюджеттин эсебинен Ак-Ордо конушундагы 18 гектар жерге бир катар маанилүү социалдык объекттер курулууда. Алардын катарында 750 орундуу заманбап мектеп, 280 орундуу бала бакча жана 100 койкага эсептелген оорукана бар.

Текшерүү учурунда Талант Иманакун уулу курулуш-монтаждоо иштери бардык тиешелүү курулуш нормаларына ылайык жүрүшү керектигин баса белгилеп, объекттерди 1-сентябрга карата бүткөрүү тапшырмасын берди.

Курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлгө алынган. Белгилей кетсек, мектептин курулушу өткөн жылдын декабрь айында башталган.