icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кулаган кран боюнча Курулуш министрлиги тиешелүү чараларды көрүүдө

2025-жылдын 19-июнунда Кулатов көчөсү, 18 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үй курулуп жаткан жерде кран кулап, жанаша жайгашкан аймакка залакасы тийген.

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин алдындагы Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы окуя болгон жердеги абалды аныктап, акт түзүлүп, учурда тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Аталган жерде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Адис Курулуш» ЖЧКсынын иши токтотулуп, кран башкарган адиске айып пул салынды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигинин алдындагы Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы буга чейин борбор калаа аймагында рейддик иш-чараларды өткөрүп, тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок, курулуш нормаларын сактабай иш алып барган бир катар курулуш компанияларга эскертүүлөрдү берген. Башкармалык бул ишин системалуу түрдө улантат.