Дүйнөгө белгилүү Toyota Group брендинин бир бөлүгү болгон Aero Asahi corporation ири япон компаниясынын өкүлдөрү "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесинин башчысы Медербек Кыдырмаев жана анын орун басары Азирет Акимов менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында компания геомейкиндик маалыматты катмарлоо жолу менен түзүлгөн шаардын 3D моделин, санарип картасын даярдоо жаатында кызматташууну сунуштады.
Аталган компания буга чейин 50 өлкөдө 200гө жакын долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган. Атап айтканда, контролдук пункттарды сүрөткө тартуу, тегиздөө, топографиялык картага түшүрүү, ГИС маалыматтары, системаны түзүү жана башкалар.
КР Курулуш министрлигинин Шаар куруу жана архитектура департаментинин алдындагы "Бишкекбашкыархитектура" мекемесинин жетекчилиги, Бишкек бүгүнкү күндө ушундай заманбап жана келечектүү долбоорлорго басым жасап жатканын белгиледи.