Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Нарай айылында жаңы “Жаш-Жеткинчек” бала бакчасы пайдаланууга берилди.
Бала бакчанын ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Самат Джанталиев катышты.
Жаңы бала бакчанын курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, анын тендердик баасы 50 миллион сомду түзгөн.
Долбоорго ылайык, бала бакча 100 орунга ылайыкталган эки кабаттуу имарат болуп, бардык заманбап шарттар менен камсыздалган. Жалпы аянты — 864 чарчы метрди түзөт.