icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Министр Нурдан Орунтаев Бишкек жана Чүй облусундагы курулуш объекттерин кыдырды



Бүгүн, 21-июнда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаадагы жана Чүй облусундагы бир катар социалдык жана инфратүзүмдүк объекттерди кыдырып, жүрүп жаткан курулуш иштерин текшерди.


Алгач “Манас” эл аралык аэропортунун аймагындагы АТК-2 имаратына кошумча курулуп жаткан үч кабаттуу, жети блоктон турган корпустун курулушу менен таанышты. Учурда “А” блоктун пайдубалы тургузулууда. 


Андан соң Сокулук районундагы жалпы аянты 15 300 чарчы метрди түзгөн борбордук стадиондун реконструкция иштерин текшерди. Стадион 2 215 көрүүчүгө ылайыкталган. Долбоордо VIP кабинка, 9 блок-секция, футбол талаасы, чуркоо аянты жана административдик имарат каралган.


Учурда Военно-Антоновка айылындагы 700 орундуу, жети блоктон турган заманбап мектептин жана борбор калаанын Ак-Ордо конушундагы 18 гектар жердеги комплекстүү социалдык объекттердин курулушу кызуу уланууда.


Министр Нурдан Орунтаев акыркы үч жыл ичинде өлкөдө курулуш тармагы тездик менен өнүгүп жатканын белгилеп, бул багыттагы ийгиликтерге Президент Садыр Жапаровдун түздөн-түз колдоосу өбөлгө болгонун айтты. Анын айтымында, жүздөгөн социалдык объекттердин курулушу аркылуу аймактардагы инфратүзүм кескин түрдө жакшыртылып, министрлик тарабынан көзөмөл тынымсыз жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.