icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нурдан Орунтаев Нарын облусундагы курулуштар боюнча жеке пикирин билдирди

Нурдан Орунтаев: Урматтуу Кыргызстандыктар жана урматту Нарын облусунун тургундары!


Бүгүн социалдык тармактарда Нарын облусу каралбай калды деген пикирлер боюнча жеке оюумду айтууну туура көрдүм.


Эске салсам 1991-жылдан баштап 2020-жылга чейин Курулуш министрлиги тарабынан капиталдык салымдар беренеси боюнча бардыгы биригип болгону 83 объектинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.


2021-2024-жылдары КР Президентинин тапшырмасы менен 3,6 млрд сом сарпталып, бардыгы биригип 65 жаңы курулуш объектилери бүткөрүлгөн.


Ал эми 2025-жылга карата Республикалык бюджеттен Нарын облусундагы социалдык объектилерди куруу жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча бүгүнкү күндө 92 объектиге 921 млн сом бөлүнүп берилип, жумуштар жүргүзүлүүдө. Бул сумма 6 айдын гана жыйынтыгы.


Анын ичинде:

Курулуп жаткан -  11 мектеп, 12 бала бакча, 3 саламаттык сактоо, 1 маданият уйу, 1 спорттук комплекс жана 4 административдик имарат бар

Капиталдык оңдоодо – 24 мектеп, 3 бала бакча, 1 маданият уйу жана 1 спорт комплекси бар.


Мындан тышкары, долбоордук-сметалык документтери дайындалып курулушу баштала турган объектилер: 7 мектеп, 11 бала бакча, 2 саламаттык сактоо, 3 маданият үйү жана 6 спорттук объектилер бар. Аталган объектилердин курулуш иштери жакынкы арада башталат.


Урматтуу Нарын облусунун тургундары жана коноктору, аталган ар бир объект урматтуу Президентибиз С.Н. Жапаровдун жеке көзөмөлүндө турат жана Нарын облусу каралбай калды деген пикирге дал келбейт.


Менин жеке оюм Нарын обусунда бүгүнкү күндө мектеп жана башка социалдык объектилер боюнча маселе башка облустарга караганда аз. Бирок, ага карабастан курулуш жана капиталдык оңдоп түзөө иштери улантыла берилет.    


Дагы айта кетчүү нерсе облуста болуп жаткан башка булактардан курулуп жаткан социалдык объектилер да арбын. Курулуш жана өндүрүш тармагында салынып жаткан инвестициялар да көп, анын ичинде завод-фабрикалар, бетондук заводдор, кирпич заводдор да четинен ишке берилүүдө.  


Урматтоо менен Н. Орунтаев.