icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

МИНИСТР НУРДАН ОРУНТАЕВ КУРУЛУШ КОМПАНИЯСЫНАН ЖАБЫР ТАРТКАН ЖАРАНДАР МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Бүгүн, 2025-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Асма Строй” курулуш компаниясы куруп жаткан, Бишкек шаарындагы Абай/Панфилов дарегиндеги “Достук” турак жай комплексинин жана Чымкент көчөсү, №28 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйүнүн сатып алуучулары менен жолукту.


Жарандардын кайрылуулары - курулуп жаткан объектилер өз убагында бүтпөй жабыр тартып жаткандарын билдиришти. Министр Нурдан Орунтаев курулуш объектилерин өз жеринен көрүп чыкты.  Тиешелүү башкармалыктарга тапшырмаларды берип, курулуштун жүрүшүн тездетүү үчүн чаралар көрүлөрүн баса белгиледи.