icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош облусундагы урап түшкөн тротуардын чоо-жайы

Бул окуя 4 күн мурда, 2025-жылдын 20-июнь күнү кечке маал Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнүн №262, 264, 266 даректеринде курулуп жаткан “Жеңиш Строй” курулуш компаниясынын көп кабаттуу турак үйүнүн жер казуу иштери жүрүп жаткан учурда  мүчүлүштүктөр жаралып, жөө адамдар өтүүчү тротуар урап түшкөн.  Ошол күнү түнгө карабастан тиешелүү кызматкерлер тартылып, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн.

21-июнь күнү,  КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош облусундагы башкармалыгы тарабынан атайын чаралар көрүлүп, жөө өтмөк калыбына келтирилген. Ал эми  “Жеңиш Строй” курулуш компаниясына айып пул салынып,  курулуш иши убактылуу токтотулду.