Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк регионалдык башкармалыгы тарабынан Баткен облусунун, Лейлек районундагы Кара-Булак айылында жайгашкан “Лейлек-Курулуш” ЖЧКсы өндүрүп чыгарган карапа кышын сертификациялоо үчүн текшерүү жүргүзүлдү.
Жалпы техникалык талаптарга көңүл буруу менен карапа кышына, негизги параметрлери жана номиналдык өлчөмдөрү, формасы каралып, сыноо жүргүзүү үчүн карапа кышынын үлгүлөрү алынды.
Ошондой эле, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ноокат автожолунда жайгашкан «Ак-Терек» кенинин кесек кум жана шагыл аралашмасы текшерилип, үлгүлөрү нормативдик негизде сыноо үчүн алынды.