icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нурдан Орунтаев Нарын шаарындагы объектилердин курулуш иши менен таанышты

Бүгүн, 25-июнда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Нарын шаарындагы курулуш иштери жүрүп жаткан бир катар объектилерге барды.

Курулуш министринин иш сапарынын алкагында “Ала-Тоо” стадионунун, “Тянь-Шань” city турак-жайынын, Нарын шаарындагы лицей-интернатынын, В.Чкалов атындагы 500 орундуу мектебинин, облустук жана шаардык прокуратуранын учурда жүрүп жаткан курулуш жана реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты.

Министр Нурдан Орунтаев аталган объектилердеги тиешелүү кызматкерлерге жумушту берилген мөөнөтүнөн кечиктирбей, сапаттуу бүткөрүп берүү талабын коюп, ар бир курулуш иши жеке көзөмөлүндө экендигин билдирди.