icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кайрагач айылындагы мектептин курулушунун 75 пайызы бүттү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кайрагач айылында 275 орундуу жаңы мектептин курулушу улантылууда. Курулуш иштери 2015-жылдан бери уланып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Тендердик баасы — 105 миллион сом.


Долбоор боюнча мектеп төрт блоктон турат: эки кабаттуу окуу имараты, жыйындар залы жана спорт залы. Жалпы аянты — 2 262 м². Курулуш иштери заманбап стандарттарга ылайык жүргүзүлүп, мектеп толук кандуу билим берүү үчүн зарыл болгон бардык жабдуулар менен камсыздалат.